Ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев кечээ, 9-январда Баткен облустук ооруканасында Сох анклавындагы чырдан жабыр тарткандарга жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жабырлануучулар менен жолугушуу учурунда министрдин орун басары Баткен райондук ИИБнин участкалык испекторунун абалы менен да таанышты. Ал ИИМ жабыр тарткан милиция кызматкерине керектүү жардам көрсөтөрүн билдирди. Андан соң Жунушалиев Баткен районунун Чарбак айылынын тургундары менен да жолугушуу өткөрдү. “Учурда аймактагы коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун укук коргоо жана башка күч структуралары катуу көзөмөлдөп жатат”,- деп кошумчалады ИИМдин басма сөз кызматы.