Башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров 2013-жылы 436 213 сом маяна алыптыр. Муну чиновник жылдык кирешеси боюнча тапшырган декларациясында көрсөттү. Үй-жайы боюнча маалымат берген жок, автоунаасы: 2004-жылы чыгарылган Тойота 4 Раннер.
Халдаровдун жакындары былтыр 400 040 сом киреше тапса, 42 чарчы метр дачага, 141 чарчы метр жерди ээлеген үйгө ээлик кылышат.