ӨКМ эскертет: "Кардын тез эришинен улам Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын ойдуң жерлерин суу капташы мүмкүн"
2013-жылдын 9-январынан 12-январына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде жана Бишкек шаарында кардын тез эриши күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Кардын тез эришинен улам аталган аймактардагы ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн экендигин эскертет ӨКМ.