Саламаттык сактоо уюмунда аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 22 миллион сомдон ашты 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2014-жылдын 4 айында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча 36 саламаттык сактоо уюмунда аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 22,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар ичинде «Сатып алуулар» системи боюнча 12,6 миллион сом, «Эмгек акыны чегерүү жана төлөө» системи боюнча 3,4 миллион сом, башка системдер боюнча (бухгалтердик эсеп жана финансылык отчёттуулук, ижара, товардык-материалдык баалуулуктардын кем жана ашык чыгышы) мыйзам бузуулар 6,3 миллион сомду түздү.

“Жалпы белгиленген мыйзам бузуулардын ичинен негизги мыйзам бузуу болуп КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын жана КРнын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда чектик суммаларды бекитүү жөнүндө” токтомун бузуу болуп эсептелет” деп белгилейт фонддон.

Мындан тышкары айрым саламаттык сактоо уюмдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун жол-жоболору сакталбай келет. Тендерлер өтө тургандыгы жөнүндө кулактандыруусуз өткөрүлүп келери жана сатып алуулар боюнча план түзүлбөй келгени маалым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан