Жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашуун пайдаланууга киргизилбеген медициналык жабдуулар аныкталды

Айрым саламаттыкты сактоо уюмдарында консолидацияланган бюджеттин каражаттары натыйжасыз колдонулуп келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.  

“Сатылып алынган медициналык жабдуулар узак убакыттар бою колдонулбай келет. 2014-жылдын алгачкы 4 айында эле жалпы 3,2 миллион сомдук пайдаланууга киргизилбеген жабдуулар аныкталды” деп билдирет аталган фонддон.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shkolad87
2014-05-15 19:27:41
бар нерсени колдоно абайбызда срогун откоруп
0
nursyi
2014-05-15 20:41:34
жеке ишкана,мед центр ача тургандарга сатышат да.
+1
tatievadis
2014-05-16 00:33:16
nursyi, болушу мумкун анан алар кайра эле карапайым калктын капчыгына кол салат да бат эле чыгашасын жаап алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан