2013-жылы билим берүү тармагында 120 кызматтык жана башка кылмыштар катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, катталган кылмыш иштеринин 7өө – паракордук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу – 60, уурдоо – 21, шалаакылык жана кызматтык жасалмачылык – 10. Ал эми 2014-жылдын акыркы 4 айында билим берүү тармагында 14 кылмыш иши катталган. Мыйзамсыз сыйлык алуу – 2, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу – 8, пара алуу – 2, уурдоо – 1.