Кечээ, 9-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов кыздар арасында шахмат боюнча КРнын чемпиону Нуриза Оторбаеваны жана анын машыктыруучусу Исламбек Байсыновду кабыл алды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы маалымдады.
Кабыл алууда Мирбек Асанакунов “Кыргызстандын шахмат боюнча спорт чебери” облуста кыздар арасында биринчи чыгып жатканын белгилеп, материалдык жактан жардам көрсөтөрүн айтып, спортчуга ийгилик каалады. Айта кетсек, Нуриза Оторбаева 2012-жылы өлкөдө шахмат боюнча өткөрүлгөн таймашта кыздар арасында чемпион болууга жетишкен. Ушул эле жылы “Замандаш” журналы өткөргөн жыл мыктыларын тандоодо “Жылдын мыкты спортчусу” деп табылган. Учурда ал 2013-жылдын май айында Грецияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна кызуу даярданууда.