Боом капчыгайынан Балыкчыга чейинки жол курулуш иштери 2014-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда начар салынган участкалар табылып калса, курулуш ишин жүргүзгөн компанияларга кайра калыбына келтирүү талабы коюлат. Муну 15-майда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусупали Исаев айтты.

ЖКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Нарын облусунун тургундарынын жол сапатынын начарлыгы жөнүндөгү кайрылуусу боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайынан Балыкчы шаарына чейинки участогундагы курулуш иштери 2014-жылдын акырына чейин аяктай турганын билдирди.

«Автожолдорду курууда, оңдоодо жана аларды күтүүдө ар аймактын жаратылыш шартын эске алуу зарыл. Биз ушундай жол аркылуу жылдан-жылга жол курулушунун сапатын жогорулата алабыз деп ойлойм»,- деди Исаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан