Бүгүн Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 16-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сыдыков көчөсүндөгү №247-көп кабаттуу үйдө, саат 9:00дөн 13:00гө чейин Ак-Бата конушунда №674-трансформаторунда жана «Тепличная» көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгысындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.

16-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Ленинское айылында, Жайыл районуна караштуу Степное айылында (Совет көчөсүндө), Ставропавловка, Кара-Суу айылдарында жогорку вольттогу «Главная», «Ставропавловка» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан