Асылбек Жээнбеков: "Электр энергиясы, газ жетиштүү болсо, инвесторлордун агымы өсүп, жаңы жумушчу орундары түзүлөт"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 15-майда Чүй облусундагы Аламүдүн районунда жумушчу сапары менен болуп, жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда А.Жээнбеков бийликтин ээси эл экенин баса белгилеп, депутаттар калк менен жакындан баарлашып, алардын көйгөйүн угууну салтка айландырып, республиканын аймагында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын маалымдады. Ошону менен катар азыркы тапта бийликтин жасап жаткан орчундуу иштеринен учкай маалымат берди. Ал шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү маселеси Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште талкууланып, олуттуу иштер жасалып жатканына токтолду.

«Бизге тынчтык керек. Ал үчүн эң ириде шайлоолорду таза өткөрүү зарыл. Бул бийликтин күч менен эмес, мыйзам жолунда алмашуусун камсыздайт»,- деди төрага.

Спикер ири энергетикалык долбоорлор жүзөгө аша баштаганын, анын түпкү максаты Кыргызстандын нагыз энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетишине багытталганын айтты.

«Энергетика тармагы - өнүгүүнүн ачкычы. Электр энергиясы, газ жетиштүү болсо, инвесторлордун агымы өсөт. Натыйжада жаңы завод-фабрикалар ишке кирип, жаңы жумушчу орундары түзүлөт»,- дейт ал.

Мындан сырткары коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын, диний кырдаал Коргоо кеңешинде талкууланганын, кыргыз тилине көрүлгөн камкордук, миграция агымын басаңдатуу сындуу маанилүү көйгөйлөрдүн тегерегинде оюн ортого салды. «Мамлекеттик кызматка байыйм дегендер эмес, эл үчүн, өлкө үчүн кызмат кылам деген адамдар келиши керек»,- деп кошумчалады спикер.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Кулов, Турсунтай Салимов, Эсенгул Исаков, Эристина Кочкарова, Туратбек Мадылбеков, Элмира Жумалиева жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, транспорт министри Калыкбек Султанов, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев, айыл чарба министринин орун басары Нурлан Дүйшеев катышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти.

Муну ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан