Бүгүн, 15-майда президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1-балдар үйүнүн директору Бегайым Маматованы Эне даңкы төш белгиси менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду.
Президенттин аппараты билдиргендей, жарлыкка ылайык, балдар үйүнүн директору Бегайым Маматова көп жылдык жана кынтыксыз иштеген эмгеги үчүн Эне даңкы төш белгиси менен сыйланды.