Жылнаама, 16-май: Мындан 136 жыл мурун Чүй өрөөнүн сел каптап, ал уезддин борбору Токмокко чоң зыян алып келген

* Мындан 136 жыл мурун, 1878-жылы Чүй өрөөнүн сел каптап, ал уезддин борбору Токмокко чоң зыян алып келген. Колониалдык бийликтин чечимине ылайык, жабыр тарткан Токмок шаарынан уезддик башкаруу убактылуу Пишпекке көчүрүлүп келген. Кийинки тарых өнүгүүсү көрсөткөндөй, Токмок борборго айлана алган эмес жана Бишкектин географиялык ыңгайы анын өлкө борбору болуп калышына бирден-бир себепкер болгон.
* Мындан 85 жыл мурун, 1929-жылы АКШда биринчи жолу “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн. Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты фильмдерге сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү "Метро-Голдвин-Мейер" киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Эң алгачкы 15 “Оскар” 1929-жылдын 16-майында 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган.
* Мындан 104 жыл мурун, 1910-жылы атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. Жоомарт Бөкөнбаев Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Акын 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Ал Ардак белгиси ордени менен сыйланган. 1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш сапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.
16-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан