Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева 15-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен бирге Чүй облусунун Кемин районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр таркан Кызыл-Октябрь айылына барып, селдин кесепети менен таанышты.
Маалыматка таянсак, 7-майда жүргөн сел 300 короо-жайды каптап, 10 үй жарактан чыгып, дагы 80 үй байкоого алынган. Зыяндын көлөмү 15,6 миллион сом. Ушу тапта аймакты ылайдан тазалоо, жергиликтүү тургундардын үйлөрү менен мектептин жер төлөлөрүн агындыдан арылтуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Вице-спикер менен министр айрым үйлөрдүн абалын көргөн соң, аларды өз категориялары боюнча тизмеге киргизүү тапшырмасын беришти.
Андан сырткары Асия Сасыкбаева табигый кырсыктан жабыр тарткан айылдардын тургундарына жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык уюмдарга кайрыла турганын билдирди.