Германияда 5 миң өрдөк узундугу бир нече чакырымга жеткен жол тыгынын жаратты

Кечээ, 15-майда Германиянын чыгышында бир нече чакырымга жеткен унаа тыгыны пайда болуп, кыймыл бир нече саатка токтоп калды. Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматында айтылгандай, жол тыгынына 5 миң өрдөк себеп болгон. Көрсө, Гессен шаарында өрдөктөрдү жүктөп бара жаткан унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, андан соң оодарылып кеткен. Жыйынтыгында жалындап күйө баштаган унаадан канаттуулар учуп чыгышкан.

Мындан улам полиция кызматкерлери жолду тосууга аргасыз болушкан. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп, мындан сырткары жолдо ары-бери жүргөн канаттууларды таң атканга чейин кармашкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Sagy
2014-05-16 09:19:34
Тууй атта! Кыргыздар болгондо тан атканга чейин эрмектеп отурбай жарым саатта талап кетмек))
+21
Akshumkar
2014-05-16 09:37:37
бизде ошол жерден кармап союп шишкебек кылып коймок 2 эле саат жетмек
+9
MES
2014-05-16 09:38:30
даа
0
AMAH-2
2014-05-16 12:26:34
Кыргыздар ошол жерде да өрдөк талашып мушташып кетишмек
+14
Egen.Osh
2014-05-17 01:08:44
AMAH-2, Ха ха ха туура айтасын )))))
+2
bossmos7
2014-05-17 01:40:24
AMAH-2, )))))
0
admin_portal
2014-05-16 12:38:22
kyrgyzstan_93 - 15 күнгө БАН!
Улуттар аралык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
asiret
2014-05-16 13:15:30
быжырайт го тим эле
0
Begimkyz
2014-05-16 13:39:49
Чондор эле алып коймок ордокторду, бизге жеткен кайда...
+2
bektur12
2014-05-16 16:31:30
biz ka4an onolobuz suilogonybyz basyp turganypbuz taltaiup
0
turgunbek
2014-05-16 17:28:31
чондордон ашмак эмес бизде болгондо
+4
kg.555
2014-05-16 23:22:41
Германияда ордоктор учпайт бекен?,бизде олук ордокторду да учуруп жиберишет го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан