Бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формасы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Семинарда жарандарга декларация тапшыруунун жаңы ыкмасы боюнча кенен маалымат берилип жатканын мекеменин басма сөз кызматы 16-майда билдирди. Жарандарга салык мыйзамына кирген өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмө берилип жатыптыр.
“Семинарлар Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын бардык райондорунда өттү. Айдын аягына чейин башка аймактарда да уюштурулат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, жеке жактардын 2013-жыл боюнча декларация тапшыруу жана кирешелерин легализациялоо мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.