Кара-Балта шаарында өрт кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты

Кара-Балта шаарында өрт кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.

Маалым болгондой, Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үй ичиндеги эмеректер, баалуу буюмдар күйүп кеткен. Өрттү толук өчүрүп бүткөн мезгилде үй ээсинин уулу Виталий Моисеенконун жана досу Роман Бочкарёвдун күйүп калган жансыз денелери табылган. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан