15-майда "Луганск Элдик Республикасынын" Жовтнев райондук кеңешинин имаратынан белгисиз куралчан адамдар шайлоочулардын тизмесин уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик ММКларга жарыялашты.
Милиция кызматкерлери: “Куралданган 7 киши Жовтнев райондук кеңешинин имаратына кирип, кызматкерлерден ачкычты тартып алышкан. Бөлмөлөргө кирип, шайлоочулардын тизмелерин жана мөөрдү уурдап кетишти”,- деп билдиришет.
Милиция кызматкерлери “башка нерселерди да уурдап кетиши мүмкүн” деп кошумчалашты.