Нарын мамлекеттик университетинде учурда 5 миңдей студент билим алууда. Муну депутат Майрамкүл Тиленчиева 15-майда "Парламент" радиосундагы түз байланышта айтты. Айтымында, аталган окуу жайда Түркия жана Кореядан келип окуп жатышкан 40-50дөй студент бар.
"Билим берүү министрлиги Нарын мамлекеттик университетинин айрым факультеттеринин лицензияларын кайра чакыртып алуу маселесин көтөрүп жатыптыр. Бул окутуучулар менен студенттерди гана эмес, жергиликтүү тургундарды да тынчсыздандырууда. Муну парламенттин тармактык комитети менен биргеликте тактоого алабыз",- дейт депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жакында аталган окуу жайда өткөн "Ааламдашуу шартында региондорду өнүктүрүү жолдору" аттуу конференцияга катышышты.