Бишкекте 4 саат ичинде жол эрежелерин бузуу боюнча 858 факт катталып, 58 унаа айып жайына токтотулган

Бишкекте 4 саат ичинде жол эрежелерин бузуу боюнча 858 факт катталып, 58 унаа айып жайына токтотулган. Бул тууралуу Жол-кайгуул мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, кечээ 17:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта атайын рейд өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 4 саат аралыгында мамлекеттик номурлары жок жүргөн 17, документтери жок унаа башкарган 20, унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 9, каттоого алынбаган унааларды башкарган 25 жана токтотуу жана аялдамалар тууралуу эрежелерди бузган 265, ошондой эле ар кандай эрежелерди бузган 515 айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Жалпысынан алганда 58 унаа айып жайына алынып барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан