Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы болгон.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында аянты 80 чарчы метр болгон, дубалы жыгачтан, жыгач устундуу, шифер менен жабылган үй толугу менен күйгөн. Балдардын от менен ойногону кырсыкка себеп болгондугу аныкталган.