Алмазбек Атамбаев республиканын көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени менен сыйлады (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев республикадагы көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлады. Иш-чарага өлкөнүн ар бир облусунан эң улуу жана жаш энелер болуп, жалпысынан 18 эне чакырылган.

Өлкө башчысы дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок экенин баса белгилеп өттү. "Бейиш эненин таманынын алдында" деп бекеринен айтылган эмес. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы, өмүрдүн башаты",- деди ал.

“Бүгүн бул жерде өлкөнүн бардык бурчунан өкүл болуп келген Баатыр энелерибиз отурат. Сиздердей апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз бар үчүн биздин ырыскыбыз бар. Кыргызстандын келечеги бар”,- деди президент.

Белгилей кетсек, “Республиканын көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка ылайык, 7 жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 3434 энеге Баатыр эне ордени ыйгарылат.

Энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйланышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан