Алмазбек Атамбаев Кытайга мамлекеттик иш сапары менен барат

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 17-21-май күндөрү мамлекеттик иш сапары менен Кытайга барат. 
Мамлекеттик маанидеги бул иш сапарда өлкө башчысы Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү саммитине катышып, доклад жасай турганын бүгүн журналисттер менен жолугушууда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. 
Анын айтымында, саммитке келүүсү күтүлүп жаткан 40тай өлкөнүн ичинен эки гана өлкө мамлекеттик иш сапарга чакырылган. Алар: Кыргызстан жана Казакстан. Саммитте сөз болуучу негизги маселе Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук болуп саналат. 
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан