Президент Алмазбек Атамбаев июнь айынын башында иш сапары менен Түркияга барат. Анда өлкө башчы Жогорку кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катыша турганын бүгүн, 16-майда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушары айтылды.