Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын соода тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Орусиядан кийинки экинчи орунда турган Кытай менен сырткы соода жүгүртүү өткөн жылы 1 488,6 миллион долларга барабар болгон. Бул тууралуу КРнын Президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн кыргыз-кытай мамилелери жөнүндө жазылган материалда көрсөтүлгөн.
Ошону менен катар экспорттун көлөмү 2,4 пайызга жогоруласа, импорт 31,2 пайыз өсүштү көргөзгөн. КЭРдин Коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, соода-сатыктын көлөмү 5 миллиард 138 миллион АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде Кытайдан Кыргызстанга товар жөнөтүү 5 миллиард 75 миллион доллар болсо, товар алуусу 63 миллион доллар болгон.
Мындан сырткары эки өлкө ортосунда бирдиктүү экономикалык долбоорлор иш жүзүнө ашуу алдында турат. КЭРДин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ири экономикалык долбоорлорго кол коюлган.