Жоомарт Оторбаев Түркиянын премьер-министри менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 16-майда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуунун башында Оторбаев Түркиядагы көп адамдын өмүрүн алган шахта кырсыгына байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты. Тараптар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы, Түркиядагы престиждүү жогорку окуу жайлардан кыргызстандык студенттерге бөлүнгөн орундарды көбөйтүү, инвестиция тартуу маселеси талкууга алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчылары тыгыз кызматташуу өлкөлөрдүн өнүгүшүндө зор роль ойной турганын белгилешти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан