"Кыргыз почтасы" мекемесинин кызматкери "жалган документтер менен мамлекеттен акча алып турган" деп шектелүүдө

Баткенде “майыптык тууралуу жасалма документтер менен акчалай төлөмдөрдү алып жүргөн” деген шек менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Баткендеги “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемесинин Ы.А. аттуу кызматкери Социалдык-медициналык эксперттик комиссиянын кызматкерлери менен кылмыштуу келишимге барган. Тактап айтканда, аталган жаран жеке кызыкчылыгы үчүн күйөөсүнүн майып экендиги тууралуу жалган документтерди толтуруп, 2011-жылдан 2014 жылга чейин 92 880 сом акчаны мыйзамсыз алып турган.

Учурда аталган окуя боюнча “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан