"Кыргызстанда орто мектептерди китеп менен камсыз кылуу системи криминал жыттанып жатат". Муну бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев басма сөз жыйында билдирди.
Айтымында, мектептерди китеп менен камсыз кылуу боюнча бөлүнгөн акчалар туура эмес пайдаланылып жатат.
“Өкмөт республика боюнча окуучуларды китеп менен камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктан 16,5 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар кредиттик насыя алган. Бирок ал акчалардын дайыны жок. Мындан бир нече ай мурун 1-класстардын математика китебин чыгаруу боюнча тендер уюштурулган. Ал тендерди Армениянын жараны утуп алыптыр. Анын жеке менчик басмаканасы бар экен. Бирок өкүнүчтүүсү ал китеп Армениядан чыгарылып жатканында болуп жатат. Салыгы да, башкасы да ошол мамлекетке которулат”,- дейт Осмоналиев.
Депутат бул маселе боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын айтты.
“Мунун артында кимдир бирөө бар болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу жакында прокуратурага арыз бергени жатам”, - деп кошумчалады ал.