Жоомарт Оторбаев өлкөнүн тышкы соода тармагында Түркия өзгөчө орунду ээлеп жатканын айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 16-майда Түркиянын вице-премьер-министри Али Бабажан менен жолугушту. Өкмөттөн билдиришкендей, жолугушууда өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгы боюнча пикир алышты. Оторбаев Кыргызстандын тышкы соода тармагында ири экономикалык өнөктөш катары Түркия өзгөчө орунду ээлеп жатканын белгиледи. Айтымында, 2013-жылы товар айландыруунун өлчөмү 297 миллион долларды түздү. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп экени айтылды.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкө үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү бере турганын кошумчалады премьер.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан