Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын бас сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов РИИБинин кызматкери болгон милициянын лейтенанты И.Н. аттуу жаран 18 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Белгилүү болгондой, милиция кызматкери Т.Н. аттуу жарандан анын инисин "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, 120 миң сом акча талап кылган. Учурда
аталган окуя боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери менен иш козголду. Иликтөө уланууда.