15-18-май күндөрү аймактык ММКлардын кабарчылары үчүн "Кыргызстанда парламентаризмди калыптандыруу жана өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин негизги иш-милдеттери" деген темада семинар өткөрүлөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарындагы ММКлардын кабарчылары чакырылган. Эксперттер Зайнидин Курманов менен Айчүрөк Назаралиева семинардын катышуучуларына Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүнүн негизги этаптары, Жогорку Кеңештин иш-милдеттери, өкмөт, саясий партиялар, шайлоочулар менен өз ара иштешүү механизмдери тууралуу маалымат берет" деп айтылат маалыматта.