"Мас абалында мушташа кетип кыргызстандык жаранды өлтүргөн" деген шек менен Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 39 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылып, атасы достору менен балык уулаганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугун кабарлаган. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, дайынсыз жоголгон адамдын жанында болгон бардык тааныштары суралган. Жыйынтыгында 33 жаштагы Казакстандын Ержан аттуу жараны дайынсыз жоголгон жаранды балык уулап жүргөн мезгилде мас абалында мушташып өлтүрүп алганын билдирип, жансыз дене жашырылган жерди көрсөтүп берген. Учурда аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.