Аламүдүн районунда 27 жаштагы жаран эки бутунан, далысынан күйүк алды

Аламүдүн районунда 27 жаштагы жаран эки бутунан, далысынан күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 15 майда саат 10:23 чамасында катталган. Жабырлануучу Антон Богодухов техникалык тейлөө кызматында иштечү. Ал адаттагыдай күйүүчү май менен тетикти сүртүп жатканда өрт чыгып кеткен. Анын кесепетинен Антон далысынан жана эки бутунан күйүк алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, ал ооруканага жеткирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан