Чүй облусунда уурулукка шектелип кармалган жарандан ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Милиция кызматкерлерине Чүй облусунун Беловодск айылынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө кирип баалуу буюмдарын уурдап кетишкендигин кабарлаган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн көрүлгөн аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын үйүн тинтүүгө алууда ок атуучу курал табылган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.