Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда өрттөн кичиавтобус күйүп кетти

Кечээ, 9-январь күнү саат 18:00дөр чамасында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын Подгорная көчөсүнүн  тургуну Мамытканов Элдиярдын "Ford Transit" үлгүсүндөгү кичиавтобусу жана үйүнүн чатырынын 16 чарчы метр жери күйүп кеткен. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок. Өрттүн келип чыгуусуна электржабдууларды туура эмес жайгаштыруу болгондугу айтылууда. Бул тууралуу Каракол шаардык өрткө каршы кызматынын майору Ринат Абдулманов маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан