Тайырбек Сарпашев Орусиядан Кыргызстанга алынып келинген айыл чарба техникаларынын саны өскөнүн айтты

Бишкекте бүгүн, 16-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун жана орусиялык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда тегерек стол өттү. Жыйындын темасы: "Орусиялык техника жана жабдуулар күнү-2014". Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара "Айыл-агро-2014" көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Тайырбек Сарпашев аталган көргөзмө боюнча маалымат берип, буларды билдирди: "Өткөн жылкы "Айыл-агро-2013" көргөзмөсүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда Орусиядан алынып келинген айыл чарба техникаларынын саны өстү. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан