Бишкек: Шабдан баатыр көчөсүнүн бир тарабынан унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынат

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу тыюу салынат. Бүгүн, 16-майда саат 19:00дө жабыла турган көчөлөр: Шабдан баатыр көчөсүнүн (батыш тарабы) Мамбетов көчөсүнөн Исакеев көчөсүнө чейинки бөлүгү. Чыгыш тарабында эки тараптуу жол кыймылы уюштурула турганын мэрия кабарлады. Көчөнүн жабылышы Шабдан баатыр көчөсүн кесип өткөн көпүрөнү оңдоо иштерине байланыштуу болот. Оңдоо иштери 3 күндө бүтөрү айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан