Ысык-Көл. Чолпон-Атада 6 тонна күйүүчү май күйүп кетти

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсүндө жайгашкан "Кыргыз Мунай" май куюучу бекетинде 8-январдан  9-январга караган түнү өрт чыккан. Бул тууралуу маалыматты ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнөн билдиришкен. Алардын маалыматы боюнча, өрттүн чыгуусуна электр зымдарынын күйүп кетүүсү себеп болгон. Окуя болгон түнү 25 тонналык май куюучу резервуардан аккумулятор, иштөөчү атайын сордургуч менен күйүүчү май уурдалганы аныкталды. Колго жасалган электр сордургучтан от алышып, электр зымдары күйүп, жалыны бензинге өткөн. Чолпон-Ата шаардык өрт өчүрүүчүлөрдүн 2 бөлүмүнөн турган топ саат 2:00дөр чамасында келишип, өрт 3:40та толук өчүрүлгөн. Маалымат боюнча өрттүн натыйжасында май куюучу бекетте 6 тонна күйүүчү май күйүп кеткен. Учурда өрт кырсыгынын натыйжасында келтирилген чыгым эсептелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан