Индияда 7-апрелден 12-майга чейин 9 этап менен өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда. Анда оппозициялык партия лидерлик кылып жатат. Муну бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Оппозициялык “Бхаратия Жаната парти” партиясы башкаларга салыштырмалуу алдыга чыгып, 543 шайлоо округунун 96сынан лидерлик кылып жатат. Ал эми “Индия Улуттук конгресс” партиясы 42 округдан көп добуш алганы айтылууда.
Айта кетсек, өкмөттү өз алдынча куруу укугун ала турган партия парламенттеги 543 мандаттын 272син ээлеши шарт. Эгерде бул шайлоодо оппозиция утуп чыкса, оңчул партиялардын биринчи ирет жеңилгени болот.