Кыргыз Республикасынын Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу
М.Тентимишев КРнын Гуандун провинциясындагы Элдик өкмөттүн тышкы байланыш башкармалыгынын башкы директору
Фу Ланг менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган аймакта кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүү жагы талкууга алынды. Мындан сырткары Гуанчжоу шаарында КРнын Башкы консулдугун ачуу сунушу айтылды. Ал мекеменин эки тараптуу кызматташууга жакшы өбөлгө түзөрүнө басым жасалды.
Ошондой эле соода-экономикалык, туризм жана билим берүү тармагындагы мамиленин жакшырышына шарт түзөрү кошумчаланды. Бул тууралуу 16-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.