Өткөн суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталып, бир кичиавтобус күйүп кетти

Өткөн суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Өрт өчүрүү кызматы Бишкек шаарында-1, Чүй облусунда-4, Ош облусунда-1, Ош шаарында-1, Ысык-Көл облусунда-1, Жалал-Абад облусунда-1 тилсиз жоо менен күрөшкөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында Ford Transit үлгүсүндөгү кичиавтобустун 4 дөңгөлөгү, салону күйүп кеткен. Кырсык электр жабдууларын туура эмес жайгаштыргандыктан келип чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан