“Кыргызстан мектептердин, бала бакчалардын, маданий мекемелердин курулушу бүтпөгөн өлкөгө айланды”,- деп билдирди 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев.
Депутат Кыргызстанда мектептердин курулуш иштери башталып, бирок аягына чыкпай жатканына токтолду.
“Мамлекеттик курулуш агенттиги менен Каржы министрлиги өзүнчө эле “ноу-хау” системин ойлоп тааптыр. Мисалы, бир мектептин же маданий жайдын курулушуна мамлекет 10 миллион сом бөлсө, Мамлекеттик курулуш агенттиги менен Каржы министрлиги анын 2 миллион сомун гана берип коёт экен. Ал акчага мектептин пайдубалы курулат. Болду, ошол бойдон токтойт. Бул министрлик менен агенттикке өтө ыңгайлуу шарт экен”,- деди Осмоналиев.