Чүй облусунун Москва районунда "айылдык кеңештин имаратынан акча салынган сейфти уурдаган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Москва районундагы Петровка айылындагы айылдык кеңештин имаратынын эшигин сындырып, белгисиз адамдар 105 миң сом акча салынган сейфти уурдап кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Шаирбеков, 1981-жылы туулган Ноорузбаев, 1988-жылы туулган А.Турсубеков аттуу жарандар кармалышкан.
Ошондой эле колго түшүрүлгөн жогорудагы жарандар Кант шаарынан “Кыргызгаз” мекемесине кирип, кароолчуну ур-токмокко алып акча талап кылышканы да ачыкталууда. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө уланууда.