Парламент депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулуп жаткан имараты менен таанышып чыкты. Анда дарыгерлер республикалык бюджеттен салынып жаткан бул оорукананын бөлүмүнө акчаны өз убагында толук котортуп берүүнү суранышты.
ЖКнын маалымат кызматы 16-майда билдиргендей, жолугушууда Нарын шаарынын жашоочулары жеңилдетилген насыядан куру калып жатышкандыктарын билдиришти. Айыл чарбасына берилип жаткан насыялар айыл чарбасы, мал чарбасы, жеке ишкерлик менен тыгыз байланышта болгон Нарын шаарынын жашоочуларына жетпей жатыптыр. Эл өкүлү айтылган көйгөйлөрдү чечип берүүгө убада кылды.