Индиядагы парламенттик шайлоодо оппозициялык "Бхаратия Жаната парти" партиясы утуп чыкканы бүгүн, 16-майда жарыяланды.
Маалыматка таянсак, аталган партия өкмөттү жеке өзү түзүү укугун алууга жетерлик мандатка ээ болду. Ал эми "Индия Улуттук конгресс" партиясы шайлоодо утулганын моюнга алды.
“Биз жеңилгенибизди моюнга алабыз”,- деп билдирди оңчул партиянын лидерлеринин бири Раджив Шукл.
"Бхаратия Жаната парти" партиясынын лидери (сүрөттө) Нарендра Муди: “Эми Индияда жаңы доор башталат, Индияга жакшы заман келет”,- деп жар салды.
Эске салсак, Индияда парламенттик шайлоо бир айдан ашуун убакытка созулду.