Бишкекте “сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренеси менен айыпталып жаткан Кытайдын жарандары бир жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 16-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук соту кытайлык жарандар Сюй Сюанцзе, Шу Фенгвей жана Ян Цзян Ронгду 1 жылга кесүү боюнча чечим чыгарып, алар сот залында камакка алынышкан.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында кытайлык жарандар жалаң кытай жана корей жарандары же чет элдиктер гана кире ала турган караоке-клубун ачышып, ал жакта сойкулук жасоо үчүн атайын жай уюштуруп алышканын укук коргоо органдары аныктап чыгышып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.