Асылбек Жээнбеков: "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө - негизги максаттарыбыздын бири"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 16-майда Чүй облусунун Cокулук районунда иш сапары менен болду. Сапарда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, бийликтин жасап жаткан орчундуу иштерин белгиледи. Кыргызстан эгемендик алгандан тартып айрым олуттуу маселелер көңүл сыртында калып кеткенин айткан төрага: "Эгемендикке жетишкенибиз менен, мамлекеттик тилибизге көңүл бурулбай келген. Ал Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште кеңири талкууланып, атайын программа кабыл алынды. Мамлекеттик кызматкерлерден тартып катардагы атуулдарга чейин кыргыз тилинде сүйлөшүнө шарт түзүп беребиз. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык өз эне тилинде сүйлөшүнө шарт түзүү менен катар жок дегенде чет тилдеринин бирин билиши абзел",- деп билдирди.

Спикер диний кырдаал Коргоо кеңешинде талкууланганын эске салып, бул багытта жасалып жаткан иштерге да токтолду. "Президент баш болуп күчтүү армия түптөөгө кириштик. Аскер доктринасы элибиздин, мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого өбөлгө болот",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан