Асылбек Жээнбеков "2015-жылдан кийин өнүгүп баштайбыз" деди

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 16-майда Сокулук районунда иш сапары менен болду. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда төрага энергетика тармагындагы абал, ГЭСтердин курулушу, шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берди. Чүй эли ынтымактуулуктун үлгүсүн көрсөтөрүн жогору баалаган төрага "Биздин бир гана мамлекетибиз бар. Ал – Кыргызстан. Бүгүнкү күндө башталган реформаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн убакыт керек. "Көч бара-бара түзөлөт" демекчи, акыры оңолобуз. Кудай буюрса, 2015-жылдан тартып өнүгүү жолуна түшөбүз",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан