
* Мындан бир жыл мурун, 2013-жылы
Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши башталган. Иш-чаранын алып баруучулары Эркин Рыскулбеков менен Нурзат Токтосунова болуп, мелдеш "Супер-Инфо" гезитинин гимни менен ачылган. Андан соң мелдешке катыша турган 18 команда чүчү кулак кармоо аркылуу оюндар башталган. Ал эми көк майсаңда эл аралык даражадагы калыстар оюнга көз салышкан. 
* Мындан бир жыл мурун, 2013-жылы Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент
Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата 18 айымга "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын тапшырган. Кыргызстандын ар бир облусунан эң кары жана эң жаш Баатыр энелер келишкен. Ал эми өлкө боюнча "Баатыр эне" наамы 9106 энеге берилсе, "Эне даңкы" наамы 1381 айымга ыйгарылган.
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы Ту-104 учагы Москвадан Чита шаарына учуп баратканда Рязев аттуу жүргүнчү жанында бомба бар экенин айтып, Кытайга учуусун талап кылган. Бир милиция кызматкери ага ок чыгарганда күчтүү жарылуу болуп, анын кесепетинен 81 киши каза болгон.