Жалал-Абад: Орусиянын "кара тизмесинде" бар же жок экенин билүү үчүн шаардык миграция бөлүмүнө 1 айда 1230 жаран кайрылды
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнө 2014-жылдын январь айында миграция маселеси
боюнча 563 жаран кайрылган. Муну бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка таянсак, кайрылган жарандардын көпчүлүгүн Орусия, Казакстан жана Кореяга иштеп келүүнү
каалагандар түзгөн.
"Орусиянын аймагына кирүүгө чектөө коюлган жарандардын тизмеси тууралуу 1230 жаранга "кара тизмеде" бар же жок экени такталып берилди. Кайрылган
жарандарга Орусияга жана башка чет өлкөлөргө баруунун, жумушка орношуунун эрежелери, жумушка уруксат алуу, Федералдык миграция кызматында
каттоодон өтүү, жарандык алуунун
шарттары жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештер
берилди",- деп айтылат маалыматта.