Сокулуктун тургундары жер тилкелерин алууда кыйналып жатканын айтышты
Кыргызстанда айдоо жерлерин көбөйтүүгө өкмөт атайын акча бөлүшү керек. Муну парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-майда Cокулук районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар турак жай салууга жер тилкесин
алуу маселеси карапайым калкты кыйнап жатканын айтышты. Парламент жетекчиси жер тилкелерин алуу боюнча жергиликтүү бийлик генералдык планды түзүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгилеп, ал айдоо аянттарына зыянын тийгизбеши керектигин төмөнкүчө кошумчалады: "Айдоо аянттарын көбөйтүшүбүз керек. Бул багытта өкмөт атайын каражат
бөлүшү зарыл".